Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы маданий байланыштар талкууланып, келечектеги долбоорлорго даярдыктар боюнча пикир алышты. Белгилей кетсек 2022-жылы Түркияда мамлекетинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда. Мехмет Нури Эрсой Кыргызстандын маданият күндөрүн Түркиянын бир канча шаарында өткөрүүнү сунуштады.
Азамат Жаманкулов Түркия мамлекетинин маданият жана туризм министрин жакынкы арада Кыргызстанга келүүгө чакырды жана туризм чөйрөсүндө дагы бир канча долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи.