Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумуш сапарынын алкагында "Балыкчы - Каракол" жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.
Узундугу 141 чакырым болгон унаа жолунун тилкесин барып көрдү. Бүгүнкү күндө анын 25 чакырымында курулуш иштери жүрүүдө. Жер үстүндөгү иштер 90% бүтүп, жасалма курулуштарды көпүрө, түтүктөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Иш аяктагандан кийин жолдун бул бөлүгү 4 тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланаары күтүлүүдө.