Борбор калаада мода жумалыгы өттүдө. Бүгүнкү күндөгү мода өнөр жайын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу, ата мекендик жеңил өнөр жайын өнүктүрүү учур талабы.
Ошондой эле өлкөдөгү өндүрүш ишканаларын көтөрүү максатын көздөйт. Күзгү мода жумалыгынын алкагында жаңы кийимдердин топтому сунушталды. Анда саркеч көйнөктөрдөн кийизден жасалган улуттук кийимдерге чейин коюлду. Ошондой эле саамалыктын алкагында жаш дизайнерлер сынагы уюштурулган. Ага 21 кол өнөрчү катышууда. Жеңүүчү Россияда өтө турган абройлуу сынакта өлкө намысын коргойт. 9-ноябрда башталган жумалык 14-ноябрга чейин улантылды.
“Акыркы жылдары мындай иш-чаралар көп өтүүдө. Бул бардык кесипкөй дизайнерлерди колдоого багыталат. Учурда эл аралык деңгээлде иштей алган өлкөдөгү бренддер пайда болду. Алардын мындан ары өнүгүшүнө, жаңы деңгээлге көтөрүлүүсүнө шарт түзүү максатында жумалык өтүп жатат. Буга чейин биздин жаш дизайнерлер дагы кийимдер топтомдору менен чыкты. Биз өлкөдөгү мода өнөр жайын жаңы деңгээлге көтөрүүнү көздөп жатабыз",- деди “Фэшн-дизайнерлер” ассоциациясынын директорунун милдетин аткаруучу, уюштуруучу Виталина Шевченко.