Кыргызстанда турак жайларды курууда башка өлкөлөрдө кеңири жайылган долборлоо программасын өздөштүрүү аракеттери жүрүп жатат.
Бул максатта семинар уюшулуп, Москва шаарында заманбап технология менен иш алып барган компания кыргызстандык куруучуларга, долбоорлор институттарынын адистерине жана архитектура жаатында эмгектенген кызматкерлерге тажрыйбасы менен бөлүштү. БИМ технология атыккан санарип программасы азыркы замандын талабына жооп берет жана ал аркылуу даярдалган чиймелер курулчу имараттын турпатын жана колдонулчу материалдарга чейин так маалыматты камсыздайт.
Россияда 2022-жылдан тарта мамлекеттик мекеменин курулуш долбоорун БИМ программасы жок кабыл албоо чечими чыккан. Ал эми коңшу Казакстанда бул ыкманы 2025-жылга чейин толук жайылтуу каралаган. Заманбап программа аркылуу даярдалган долбоор турак жайларды курууда ката кетирбей, мүмкүнчүлүгү жогору экени иш жүзүндө аныкталган.