Жаңылыктар
ИИМ: Шайлоонун үгүт өнөктүгү башталгандан бери 73 мыйзам бузуу фактысы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Шайлоонун үгүт өнөктүгү башталгандан бери 73 мыйзам бузуу фактысы катталды

Шайлоонун үгүт өнөктүгү башталгандан бери мыйзам бузган 73 факты катталган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Алардын ичинен 19 факты жазык кодексинин "Шайлоочуларды сатып алуу", "Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу" беренелери жана "Уурдоо" беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган. Ал эми "Майда бейбаштык", "Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу", "Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу" жана "Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо" беренелери менен 17 факт катталган. 

Шайлоого даярданууда жана өткөрүүдө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары Ош шаарында жана Ош облусунда катталса, Жалал-Абад жана Чүй облустарында ушул сыяктуу фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Шайлоочуларды сатып алуу фактысы менен Чүй, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.