Түрк тилдүү мамлекеттер дүйнөгө бай маданияты менен тарыхын баяндаган орток тасмаларын таанытууну максат кылууда. Ушул күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында "Коркут Ата түрк дүйнөсү" эл аралык кинофестивалы өтүп жатат.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Венгрия, Саха Республикасы, Татарстан, Гагаузия, Иран, Украина жана Түндүк Кипр республикасы катышууда. Максат түпкү теги бир түрк тилдүү мамлекеттердин кино тармагын өнүктүрүү менен бирге тарыхый, маданий баалуулуктарын даңазалоо.
Түрк тилдүү мамлекеттердин атактуу продюсер, артисттери менен кинорежиссерлору эл аралык кино фествалдын кадырлуу меймандары. Кыргызстандан да ата мекендик кино тармактын белгилүү өкүлдөрүнөн турган жоон топ келди. Максат түпкү теги бир түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхый, маданий баалуулуктарын орток тасмаларды тартуу менен дүйнөгө даңазалоо. Мындан улам биринчи жолу өтүп жаткан "Коркут Ата түрк дүйнөсү" кино фестивалы бул максаттарды ишке ашыра турган мыкты аянтча болмокчу.
Кинофестивалдын аталышы да бекер жерден эмес. Коркут Ата тууралуу уламыштар түрк тилдүү элдердин макал-ылакаптарында, санжыраларында кездешет. Коркут Атанын адамдык баалуулуктарды чыңдоого жана сактоого, ой-санаасы, аңгемелери, жомоктору менен таалимдери сыятуу мурасы келечек муун үчүн өрнөк.
Мына ушундай орток тарыхка ээ болгон түрк тилдүү мамлекеттер бай маданияты менен тарыхын, салт-санаасы менен үрп-адатын баяндаган орток тасмаларын таанытууну максат кылууда. Себеби тыгыз кызматташтыктын натыйжасында мыкты тасмаларды жаратууга өбөлгө түзүлөт-дейт режиссёрлор.
Кыргызстандын режиссерлору түрк элдеринин тарыхын, көөнө маданиятын даңктай турган даяр сценарийлери менен тааныштырууга даяр. Арасында баатыр кыз Жаңыл Мырза, Памирге барып, отурукташып калган кыргыздар тууралуу баяндаган сценарийлер бар. Фестиваль 12-ноябрга чейин уланат. Анын алкагында “Айтматов жана кино” талкуусу уюштурулуп, кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган иш-чара өтөт.