Экономикасы күчтүү өлкөлөрдө да энергетика боюнча көйгөйлөр бар. Андыктан гидроэнергетикалык дарамет - Кыргызстандын өзгөчөлүгү. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев “Ала-Тоо 24” каналынын эфиринде билдирди.
Биринчиден, бизде электр энергиясы арзан. Элдин кирешеси төмөн, төлөмдөр боюнча көйгөйлөр бар, ошондуктан калк үчүн тарифти ошол бойдон калтырдык, - деди министр. Бекмурзаев, бүгүнкү күндө өлкөдө энергетика тармагын субсидиялоо жүрүп жатканын кошумчалады.
Инвесторлор тарифти жөнгө салуу маселесине кызыкдар. Азыр бизге өкмөт башчыларынын деңгээлинде тартылган инвесторлор келет. Эгер тарифтерди жолго койсок, энергосекторго инвестиция салгысы келгендер көп болот, - деди Доскул Бекмурзаев.