Жаңылыктар
ӨКМ: Арча-Бешик конушундагы турак үйдөн чыккан өрттөн бир киши иске ууланып каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Арча-Бешик конушундагы турак үйдөн чыккан өрттөн бир киши иске ууланып каза болду

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. 

Өрттү өчүрүүгө саат 03:28де Ленин райондук №28 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 03:46да Биринчи май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 04:25те чектөөгө алынып, саат 05:28де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси көмүр кычкыл газына ууланган, жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Аталган жаран ооруканага жетпей каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.