Жаңылыктар
УКМК: тыюу салынган уюмдун лидери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: тыюу салынган уюмдун лидери кармалды

Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмдун лидери кармалды. Ушуну менен УКМК жашыруун экстремисттик иштерди уюштурган, өлкөнүн түштүк аймагы боюнча "Хизбут-Тахрир" уюмунун лидери деп таанылган чет өлкөлүк жарандын ишмердүүлүгүн тыйды. 

Ал шектүү уюмдун түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча өзүнүн санаалаштары менен жигердүү көмүскө иш-аракеттерди жүргүзүп жүргөн. Өзбекстанда издөөгө алынып, Ош шаарынын аймагынан кармалган. Шектүү жасалма документи менен Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталды. Топтолгон далилдердин негизинде, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.