Аймактарда да электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу маселеси турат. Мындан улам улуттук энергохолдингдин кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүүдө. Алар "Кыргыз көмүр" ишканасы менен түз сүйлөшүп, көмүр жетпеген аймактарда камсыздоо маселесин чечүү аракетинде.
Каракол шаарынын тургуну Райымкул Мендегулов быйылкы кышка өзгөчө камылга көргөн. Жайында эле көмүрүн белендеп, аны менен катар турак үйүндөгү терезелерин алмаштырып, сыртын жылуулаган.
Каракол шаарынын тургундары электр энергиясын үнөмдөөгө, отун, көмүрдү камдап алууга аракет кылып жатышат. Бирок эң чоң көйгөй азыр Караколго кара алтындын кенен келбей жатканында. Бул багытта энергохолдинг жетекчилиги Кыргыз көмүр ишканасы менен түз сүйлөшүп, көмүр жетпей жаткан аймактарда камсыздоо маселесин чечүү аракетин көрүп жатышат.