Жаңылыктар
ЖЭБге кум аралаш көмүр алынып келгени аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБге кум аралаш көмүр алынып келгени аныкталды

Бишкек жылуулук электр борборуна кум аралаш көмүр алып келинип турган. Президент Садыр Жапаров энергетика маселесине байланыштуу элге кайрылуусунда ЖЭБге көмүр жеткирүүдөгү коррупция тууралуу билдирүү жасады. Мамлекет башчысы “Кара-Кечедеги” жемкорлукка каршы күрөш жүрүп жатканын, бир катар адамдар камакка алынганын айтты.

Коомчулук көмүр өндүрүүдөгү коррупцияга байланышкан маалыматтардан кабардар болууда. Жаз айларында “Кыргыз көмүр” ишканасынын эки кызматкери жана Транспорт министрлигине таандык салмак габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору кармалган. Алар эрежени буйтап өтүп, көмүрдү тоскоолдуксуз жүктөп чыгууга айыпталышкан.

Ал эми август айында болсо ишкананын жетекчиси менен эсепчиси кармалган. Алар казып алынган көмүрдүн көлөмүн атайылап аз көрсөтүшкөн деп шектелген. Айырма ар жыл сайын 600 миллион сомду түзгөнү кабарланган эле.

Эми “Кара-Кечедеги” коррупциянын дагы бир түрү жарыяланды. Президент энергетикага байланыштуу элге кайрылуусунда аталган кенди иштеткен “Кыргыз көмүр” ишканасынын айланасындагы мыйзам бузууларга токтолду.

“Кара-Кеченин” көмүрүн Жылуулук электр борборуна жеткирүү, пайдалануу маселесинде талаш-тартыштар токтобой келатат. Эми коомчулукта кум аралаш көмүр тууралуу да кызуу талкууланууда. Атайылап жасалган сапатсыз көмүр ЖЭБдин жабдууларына олуттуу кедергисин тийгизген болушу мүмкүн.

Көмүр казууда, аны жеткирүү, ЖЭБди камсыз кылууда жемкорлук бар экени узак жылдардан бери айтылып келген. Ар кандай сунуштар, тапшырмалар берилгени менен аны аткаруу кечеңдеген.