Жаңылыктар
Өлкө энергетикалык каатчылыктан чыгуу аракетин көрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө энергетикалык каатчылыктан чыгуу аракетин көрүүдө

Акыркы 10 жылдан бери өлкөдө бир дагы ГЭС курулбай, энергетика тармагына көңүл бурулбай келди. Аталган тармактагы абалдан улам электр тартыштыгы жаралган. 

Республикадагы 10 чакан суу сактагыч жылына чыгарган 200 миллион кВт сааттан ашык электр энергия бүгүнкү 3 миллиард кВт саат тартыштыкты жаба албайт.    

Президент аталган тармактагы абал боюнча facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди. Кыргызстан суунун башында туруп, кышкысын кошуна өлкөлөрдөн электр энергиянын киловатын беш сомдон сатып алып, элге 77 тыйындан берилип турганына токтолгон.