Жаңылыктар
Юстиция министрлигинин дагы бир кызматтык имараты пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Юстиция министрлигинин дагы бир кызматтык имараты пайдаланууга берилди

Таластын Манас районунун борборунда Юстиция министрлигинин дагы бир кызматтык имараты пайдаланууга берилди. Буга чейин ар кандай мекемелердин имараттарында отурган кызматкерлер эми өздөрүнө тиешелүү имаратта иштейт. 

Аянты 166 чарчы метр имаратта райондук нотариус, адвокат, пробация институтунун өкүлчүлүгү 40 миңдей калкы бар аймакта акысыз укуктук кеңештерин берет. Юстиция министрлиги аймактардагы калктын укуктук-мыйзамдык сабаттуулугун арттырууда кызматкерлери үчүн социалдык шарттарды түзүү аракетинде. Буга чейин Таш-Көмүр, Ала-Букада бирден имарат ачылган. Алдыда Жети-Өгүз, Жумгал, Кара-Суу райондорунда ачылаары күтүлүп жатат.