Сүлүктү шаарынын чет жакасындагы жеке менчик көмүр кенинде тосмо кулап, эки адам ичинде калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тоо кырсыгынан куткаруу башкармалыгы шахтада калгандар куткарылганын кабарлады.
Кенчилер 47 жаштагы Илхом Ибодов менен анын 19 жаштагы уулу Азамат Ибодовдун абалы жакшы экени айтылды. Алар ооруканага кайрылышкан эмес. Билдирмеге ылайык, алгач шахтанын тосмосу урап түшүп, ичинде адамдар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге алты куткаруучу тартылган.