Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун Сан-Таш айылында таза суу көйгөйү чечилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунун Сан-Таш айылында таза суу көйгөйү чечилди

Ысык-Көл облусунун Сан-Таш айылында таза суу тутуму курулуп, пайдаланууга берилгенин мамлекеттик курулуш мекемеси билдирди. Маалыматка караганда курулуш иштери 2020-жылы республикалык казынанын эсебинен башталган. 

Долбоордун тендердик наркы 9 миллион сомду чамалайт. Бөлүнгөн каражатка сыйымдуулугу 50 куб болгон монолиттүү суу сактагыч, суу топтоочу, тазалоочу жай, суу өткөргүчтөр, өрт гидранттары, түтүктөр алынган. Суу түтүктөрү ар бир үйгө киргизилип, мындан аркы техникалык тейлөө үчүн айыл өкмөткө өткөрүлүп берилген.