Жаңылыктар
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аталган өлкөгө кирүүнүн жаңы тартибин билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аталган өлкөгө кирүүнүн жаңы тартибин билдирди

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аталган өлкөгө кирүүнүн жаңы тартиби жөнүндө билдирүү таратты. 8-ноябрдан баштап чет элдик жарандар, АКШга аба каттамы аркылуу саякатка баруучулар эмделгени тууралуу маалымкатты учакка отурганга чейин бериши керек. 

Эмдөөдөн өтпөгөн саякатчылар - АКШнын жарандары болобу, АКШнын мыйзамдуу туруктуу жашоочуларыбы же аз сандагы эмдөөдөн бошотулган чет элдиктер эми бир күндүн ичинде текшерүүдөн өтүшү керек. Эмдөө алгандар үчүн тесттен өтүү талабы өзгөрүүсүз калат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилген вакциналар менен эмделгендерге АКШга кирүүгө уруксат берилет.