Жалал-Абадда көмүр жетиштүү, бирок өткөн жылдагыдан кымбат. 170тен ашуун жайда көмүр сатуу түйүндөрү иштеп жатат. Ушул тапта сатып алгандар арбын. Облуста кыш мезгилине 222 миң тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө аймак кара алтын менен 86 пайыз камсыздалган.
Мелисбек Акунов жылытуу мезгилинде 3-4 тонна көмүр керектейт. Ал азыр кышында керектеле турган көмүрдүн баарын сатып алууга чамасы жок экенин айтып, 1 тонна көмүр сатып алууда.