Жаңылыктар
Европа менен Борбор Азиянын алакасын арттырган форум ишкерлер үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Европа менен Борбор Азиянын алакасын арттырган форум ишкерлер үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты

Европа Союзу менен Борбор Азиянын алака байланышын жакшырткан биринчи экономикалык форумдун Кыргызстанда өтүшү ишкерлер үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мамлекеттик деңгээлде бир нече келишимдерге кол коюлса, ишкерлер эки тарапка тең пайдалуу боло турган долбоорлор боюнча макулдашууларга жетишип, өнөктөштөрүн тапты. Пандемиядан улам дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү жабыр тартып, экономикасы ирдене албай турган ушундай кырдаалда бул иш-чаранын Кыргызстанда өтүшү экономикалык жактан пайдалуу дешет адистер.

Европа менен Борбор Азиянын алакасын арттырган мындай ири форум биринчи ирет өттү. Талдоочулар бул иш-чара Кыргызстанга гана эмес Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Европа менен катышты жакшыртканга чоң шарт түздү дешет. Миалы экономикалык форумдун алкагында заманбап технологияларды колдонуу, санарипти өнүктүрүү, жашыл экономиканы жандантуу багытында ондогон макулдашууларга кол коюшулду.