Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Ата-бабаларыбыздан калган бай тарых, баа жеткис мурас бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Ата-бабаларыбыздан калган бай тарых, баа жеткис мурас бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт

“Өткөндү эстебей, келечекке кадам таштай албайсын”. Жыл сайын 7-8-ноябрь күндөрү кыргыз элинин басып өткөн жолу, ата-бабалар эскерилет. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана саясий коомдук ишмерлер “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, өткөндөрдү эскеришти.

Кыргыз элинин улут катары калыптанып, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө жаратман инсандардын эмгеги менен тарыхка өчпөс из калтырган окуялардын орду чоң. Алардын бири 1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөш жана 1917-жылдын 7-ноябрындагы Улуу Октябрь социалисттик революциясы Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусуна шарт түзгөн терең мааниге ээ окуялар. Президент тарыхтан сабак алып, келечекке бийик максаттарды коюу керектигин өз кайрылуусунда белгилеген.