Президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына кенештин алдыда өтүүчү жыйынына даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Садыр Жапаров Түрк кеңешине катышуучу өлкөлөрдүн интеграциялык процессинде жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү негизги ролун белгиледи. Ал Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышууга өзгөчө маани берерин белгиледи. Президент алдыда өтүүчү саммит, Түрк кеңешин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк болот деген пикирин билдирди.
Багдад Амреев кезектеги жыйынга даярдыктардын жүрүшү жана талкууга алына турган күтүлүүчү маселелер тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Инвестициялык фондун Бишкек шаарына жайгаштыруу маселелери талкууланды.