Жаңылыктар
Улуттук банк валюта рыногунда 55,4 миллион доллар сатты
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк валюта рыногунда 55,4 миллион доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги интервенцияны жасап, өлкөнүн валюта рыногуна 55,4 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды. 

Ошентип, жыл башынан бери жалпы суммасы 446,7 миллион долларга 11 жолу интервенция жасалды. Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. 

Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 84,8 сом деп көрсөтүлгөн. 2020-жылы Улуттук банк 29 интервенция жасап, 465 миллион 950 миң доллар саткан.