Мамлекеттик бажы кызматкерлери тарабынан ири көлөмдөгү чылымды аткезчилик менен ташып келе жаткан унаа кармалды.
Билдирүүгө ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып келүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Анын алкагында "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунан жүк ташуучу унаа токтотулуп, ири көлөмдөгү тамекилер табылган. Бирок документте башка товардын аты көрсөтүлгөн.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.