Казакстандагы эл аралык айтышта кыргызстандык төкмө акын Асылбек Маратов баш байгеге татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган эл аралык айтыш мелдеши өттү.
Эл аралык айтыш кош байге менен өтүп, Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги жана Алматы облусунун акимчилиги уюштурган.