Жаңылыктар
Өткөн суткада Кыргызстанда 78 кишиден коронавирус аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өткөн суткада Кыргызстанда 78 кишиден коронавирус аныкталды

Өткөн суткада Кыргызстанда 78 кишиден коронавирус табылып, 72 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Аймактар боюнча алганда, Бишкекте - 23, Чүй облусунда - 22, Ош облусунда - 1, Талас дубанында - 5, Ысык-Көл аймыгында - 12, Жалал-Абадда - 10, Баткен облусунда - 5 адам вирусту жугузуп алган. Өлкөдө илдетти жуктургандардын жалпы саны 181 миң 668ге жетти. Анын ичинен 176 миң 25 адам айыкты. 

Тилекке каршы, оору эки бейтаптын өмүрүн алып, жалпысынан 2 миң 681 киши коронавирустун курмандыгы болгон. Азыркы тапта стационарда 642, ал эми амбулатордук шартта 798 адам дарыланып жатканы айтылды.