Бүгүн Бишкекте Европа биримдиги менен Борбор Азиянын инвестициялык алакасын арттыруу максатында бизнес форум өтөт.
Жыйынга 250дөй ишкер катышат. Европадан 50дөн ашуун ири компаниянын өкүлдөрү келди. Бул иш-чарада айрыкча АйТи тармагы менен жашыл экономиканы каржылоо маселесине артыкчылык берилет. Ошондой эле бүгүн, Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду расмий ачылат. Аталган фонддун баштапкы каражаты 16 миллион доллардан башталып, келечекте 50 миллионго жеткирилээри кабарланган.
Бизнес форумдун алкагында тиешелүү жетекчилер Австриядан келген 12 компаниянын, андан соң Венгриянын 16 ишканасынын өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт.