Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде 7-ноябрь - басма сөз күнүнө карата "21-кылымдагы журналисттик кадрларды даярдоонун көйгөйлөрү жана азыркы учурдун талаптары" деген темада тегерек стол өттү.
Ошондой эле, аталган окуу жайдын журналистика факультетинин ага окутуучусу, журналист, акын, жазуучу Айбек Түмөнбаевдин 60 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чарага калаадагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары, аспиранттары, магистранттары жана журналисттер катышып, алар азыркы учурдун заманбап журналистикасы жана кадрларды даярдоо багытында баяндама окушту. Мындан тышкары Түмөнбаевдин чыгармачылыгынын урматына куттуктоо сөздөр айтылып, окутуучунун ырлары жаңырды.