Жаңылыктар
Инженердик текшерүү өлкөдөгү 145 ар кандай багыттагы объекттерде жүргүзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Инженердик текшерүү өлкөдөгү 145 ар кандай багыттагы объекттерде жүргүзүлдү

Ушул жылдын 10 айынын ичинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жер титирөөгө туруктуу, курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 145 ар кандай багыттагы объекттерге инженердик текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугуна техникалык корутундулар берилди. Ошондой эле отчеттук мезгилде долбоорлоого атайын 40 техникалык шарттар иштелип чыккан жана берилген.