Жаңылыктар
Республикалык штабда COVID-19га каршы вакцинациялоонун жүрүшү талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Республикалык штабда COVID-19га каршы вакцинациялоонун жүрүшү талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө республиканын аймагындагы калкты COVID-19 каршы эмдөөнүн жүрүшү маселеси талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Нарын шаарына ыраазычылык билдирди, анда вакцинанын биринчи дозасын тургундардын – 70 пайызы, ал эми экинчи дозасын 61,5%ы алган. Эдил Байсалов аталган багытта ийгилик жараткан Нарын шаарына вакцинациялоо жүргүзүү тажрыйбасын иликтөө максатында баруу тууралуу ниетин билдирди.

Эдил Байсалов республиканын башка райондорун жана облустарын салыштырууда андагы көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктарды белгиледи. Атап айтканда, Чүй облусунда вакцинанын биринчи дозасын тургундардын 22,5%ы алса, ал эми Бишкек шаарында 28%ы алган. Андан соң ал облустар ичиндеги жарандардын вакцина алуу темпине токтолду. Мисалга, Чүй облусунун Чүй районунда калктын 43%ы вакцинанын биринчи дозасын алса, ошол эле учурда Чүй облусунун Сокулук районунда бул көрсөткүчтөр 15,5%га барабар.

Ыкчам штабдын онлайн режимдеги кеңешмесинин жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары келип түшкөн вакциналардын дозасын өлкө аймактарына жеткирүү боюнча логистика маселесин талкуулады.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана башка мамлекеттик органдары тарабынан калкты вакцинациялоонун зарылдыгы тууралуу активдүү түшүндүрүү иштери улантылууда.