Президент Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Европа биримдиги” биринчи эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскисти кабыл алды.
Президент форумду өткөрүү маселесиндеги колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул форум Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Стратегиясынын ишке ашуусу жана Евробиримдик менен Борбор Азиянын ортосундагы кызматташтыкка дем бермекчи.
Мамлекет башчысы Европа биримдиги Кыргызстан үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш экенин белгиледи. Эгемендүүлүк алгандан тартып Евробиримдик өлкөнү демократиялык жана рыноктук реформаларда ырааттуу колдоп келет. Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстан Европа биримдиги менен эки тарапка кызыкчылык туудурган мындан аркы бардык багыттар боюнча көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ачык жана даяр экенине ишендирди. Өз кезегинде Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда соода, инвестиция, жашыл экономика, санариптештирүү чөйрөлөрүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жогорку мумкүнчүлүк бар экенин белгиледи.