Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн болгон фактысы аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Юг-Спецавтоматика” Жоопкерчилиги чектелген коомунун аткарылган иштердин актылары менен аталган мектепти кабыл алуу документтеринде айырмачылыктар аныкталган. Аталган кылмыш иши боюнча аудитордук текшерүү дайындалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени аныкталган. “Юг-Спецавтоматиканын” директору УКМКнын кызматкерине бааларды макулдашуу маселесинде «оң жагына чечүү» үчүн 2000 доллар пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалды.
Кармалган жаран Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.