Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен жолугушту.
Мамлекет башчысы Фумио Кисиданы Япониянын Премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктап, жолугушканына жана жеке таанышканына кубанычта экенин белгиледи. Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын талкуулашты. Президент Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ишмердүүлүгүн жогору баалап жана Япониянын Өкмөтүнө Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Япониянын жогорку окуу жайларында окуудан өтүп жаткан JDS долбоорунун алкагындагы кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. Бул эки өлкө ортосундагы достуктун көпүрөсү кызматын аркалоодо.
Фумио Кисида Кыргызстанга 2015-жылы келген учуру тууралуу айтып берип, ар кыл долбоорлор, негизинен жашыл экономика боюнча эки тараптуу кызматташтыкты улантууга даярдыгын билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий диалогду жогорку деңгээлде колдоонуну макулдашышты.