Жаңылыктар
Президенттин дүйнөлүк саммиттеги кайрылуусу
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин дүйнөлүк саммиттеги кайрылуусу

Президент Садыр Жапаров Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө 26- конференциясына катышып, дүйнө лидерлеринин Саммитинде сөз сүйлөдү. Өлкө башчы дүйнө коомчулугунун көңүлүн мөңгүлөргө жана суу ресурстарына буруп, аларды климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, абийирсиз чарбалык ишмердүүлүктөн да сактап калуу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо маселесине өзгөчө токтолуп, өз сунуштарын айтты.