Жаңылыктар
Евробиримдик Кыргызстандын санарип технологияларын жакшыртуу долбооруна каражат берет
Кыргызстан жаңылыктары
Евробиримдик Кыргызстандын санарип технологияларын жакшыртуу долбооруна каражат берет

Евробиримдик Кыргызстандын санарип технологияларын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу үчүн гранттык негизде 2 миллион евро берет. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Ведомствонун жетекчилиги Эстониядан келген Электрондук башкаруу академиясынын өкүлү Тынис Мяэ менен жолуккан. Кызматташуу боюнча талкуу Европа биримдиги менен Кыргызстандын Европа программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Ага ылайык, санариптик саясатты, укуктук-ченемдик базаны жакшыртуу жана өлкөнүн санариптик дараметин өнүктүрүү пландалууда.

Анда Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы менен биргеликте санариптик билими бар жарандардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, Региондорду өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги менен ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыздап, мамлекеттик жана жеке кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу аракеттери жүргүзүлөт. 

Ошондой эле, Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги менен жарандардын маалыматын коргоо жана купуялуулугун сактоону жакшыртуу, УКМК менен мамлекеттик мекемелерде киберкоопсуздук жана кибертуруктуулукту жогорулатуу боюнча иштер аткарылат. Долбордун негизги максаты - санариптик билим берүүдөгү теңсиздикти жана жумушсуздукту азайтуу, санариптик өнүктүрүүнү колдоо болуп саналат. Программаны Электрондук башкаруу академиясы жүзөгө ашырат.