Жаңылыктар
Чүйдө 700 түк беде, чөп жыйналган бастырманын чатыры күйүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө 700 түк беде, чөп жыйналган бастырманын чатыры күйүп кетти

Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы Сейдесимбаева көчөсүндө чөп жыйноочу бастырманын жыгач устундуу темир калай менен жабылган чатыры жана ичиндеги 700 түк беде толугу менен күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жалпы аянты 100 ч.м түзөт. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.