Жаңылыктар
"Бишкек-Сити" ишкер борборун куруу боюнча дирекция түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
"Бишкек-Сити" ишкер борборун куруу боюнча дирекция түзүлдү

"Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү. Бул тууралуу Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, дирекция Бишкек шаарынын, социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, инвестицияларды тартуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү максатында "Бишкек-Сити" эл аралык бизнес борборун куруу мезгилине түзүлдү.

Дирекцияга ишкердик борбордун долбоорун ишке ашыруу, ишкердик борбордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, долбоорлоо жана куруу боюнча заказ берүүчү функциялар жүктөлөт. Бул долбоор Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген жаңы экономикалык саясатка толугу менен шайкеш келет, анда атаандаштыкка жөндөмдүү санариптик экономиканы түзүүнү, ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инновациялык жана энергетикалык технологияларды үнөмдөө, аймактарды туруктуу өнүктүрүү каралган. 

Ишкердик борбор Кыргызстандын жана чет элдик компаниялардын, анын ичинде бизнес түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштырган Борбордук Азиядагы ири бизнес, маданий жана архитектуралык борборго айланууга багытталган. Ишкердик борбор инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ошол эле учурда өндүрүштүк кубаттуулукту топтоонун аянтчасы болот.