Жаңылыктар
Борбор калаанын бир районунун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаанын бир районунун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ болбойт

2-ноябрдан 5-ноябрга чейин Биринчи май районунун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Бишкек шаарындагы филиалы билдирет.  
Ю.Фучик, Ленская жана Сергей Лазо көчөлөрү менен чектелген аймакта 20 абонент убактылуу көгүлтүр отунсуз калат. Ленская көчөсү, 50 дарегиндеги жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүнүн кесилишине байланыштуу өчүрүлөт. “Бишкекгаз” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.