Жаңылыктар
Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташтык талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташтык талкууланды

1-ноябрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров Азиялык өнүктүрүү банкынын Президенти Масацугу Асакава менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Азиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы Азиялык өнүктүрүү банкы менен өз ара аракеттенүү тышкы экономикалык саясаттын алгылыктуу багыты болорун белгиледи.

"Биз Азия өнүктүрүү банкынын социалдык-экономикалык өнүгүүдө, макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыздоодо жана коронавирустук пандемияга каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамын жогору баалайбыз. Азия өнүктүрүү банкынын 2021-2024-жылдарга программасынын алкагында программалык-долбоордук кызматташууну андан ары кеңейтүүнү колдойбуз", - деди ал. Президент белгилегендей, ал Кыргызстандын 2026-жылга чейинки жаңы беш жылдык өнүгүү программасына кол койгон. Анда өлкөнүн тоолуу аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Мамлекет башчысы Азия Өнүктүрүү Банкы менен ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү колдоорун белгиледи. Ал эки тараптуу форматта жана көп тараптуу механизмдердин алкагында кызматташтыкты активдештирүүнү сунуштады, анын ичинде гидроэлектроборборлорду куруу долбоорунун алкагында да. Кийинки беш жылдын максаты катары Президент Садыр Жапаров климаттык каржылоо портфелин 150 млн долларына чейин көбөйтүүнү сунуштады. Өз кезегинде Масацугу Асакава климаттын өзгөрүүсүнө таасир этүүчү абага бөлүнүүлөрдү кыскартуу боюнча Кыргызстандын кызматташтыгы жана аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Ал уюмдун Кыргызстан менен кызматташтыгын активдештирүүгө даярдыгын билдирип, климат маселелери боюнча портфелди көбөйтүү маселеси Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңеши менен бул жолугушуудан соң талкууланарын белгиледи. ГЭС курулушунун маселесине токтолуп, банк президенти алардын адистери биргелешкен долбоорду иштеп чыгууга киришерин кошумчалады.

Ал 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө ийгилик каалады.

Мамлекет башчысы Азия өнүктүрүү банкынын жетекчисине каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жакынкы беш жылда бардык күч аракетин экономиканы өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттеринин алдын алууга жумшарын билдирди.