Жаңылыктар
Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгы Королдук үй-бүлөсүнүн салтанатына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгы Королдук үй-бүлөсүнүн салтанатына катышты

1-ноябрда, Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия  Королдук үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду.

Салтанаттуу кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты. Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алды.

БУУнун климат боюнча конференциясы алкагындагы кечки сый кабыл алуу кечесинде ошондой эле башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты.