Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 97 жыл болду. Кесиптик майрамдын урматына мыкты кызматкерлерге жана ардагерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Ушул күндөрү ички иштер органдарынын иштерин жакшыртууга багытталган, милицияга болгон ишенимди жогорулатууга, жарандык институттар менен кызматташтыкты күчөтүүгө аракетте көрүлүп келет.
Олжобай Жээнкулов кесиптик майрамында мөөнөтүнөн мурда майор наамын алды. Ал мектепти аяктаган соң Казакстандагы аскердик окуу жайды бүтүрүп, өз каалоосу менен милиция кесибин тандаган. Погон тагынып эмгектенип келе жатканына 14 жылдын жүзү болгон майордун милдети жоокерлерди тарбиялап , жаштарды патриоттуулукка шыктандырып, аскердик жашоонун тартибине үйрөтүү.