Кыргызстанда бир жумада 15 миң 702 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Алардын ичинен эң көбү айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткен. Жасалма мамлекеттик номерлер менен жана мамлекеттик номери жок унааны айдагандар да болгон. Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандар, автоээнбаштык, жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандар, мас абалында транспорт каражатын башкаргандар.
Ар бирине эреже бузганына жараша протоколдор толтурулуп, машиналар унаа токтотуучу жайга токтотулду деп билдирди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы.