Жаңылыктар
Улуттук банк: Кыргызстанда бир жыл ичинде банкка салынган каражат көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк: Кыргызстанда бир жыл ичинде банкка салынган каражат көбөйдү

Кыргызстанда бир жыл ичинде банкка салынган депозиттердин көлөмү 40 миллиард сомго өстү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Башкы банк депозиттеги каражатты каттоого алып турат. 

Мындан тышкары, бул көлөмгө эсептөөдөгү акчалар да киргизилген. Аманаттык каражат жеке жана юридикалык жактардыкы экени айтылды. Акыркы маалыматтар боюнча, сентябрь айынын аягында депозиттердин көлөмү 211 миллиард сомдон ашкан. 2020-жылдын сентябрь айында 171 миллиард сомду түзгөн.

Былтыркы жылдын соңунда аманат акчалардын саны дээрлик 181 миллиард сомго жетип, июнь айында 200 миллиарддан ашкан.