Чүй облусунун аймагында 25-октябрдан 31-октябрга чейин 3 миң 19 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Анын ичинен мас абалында унаа башкаруу - 32, жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу - 1073, документи жок 12 айдоочу унаа башкарган. Атайын унаа токтотуучу айып жайына 57 унаа токтотулган.