Жаңылыктар
Исхак Раззаков эл үчүн эмгектенүүнүн чыныгы үлгүсү
Кыргызстан жаңылыктары
Исхак Раззаков эл үчүн эмгектенүүнүн чыныгы үлгүсү

Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот деп мамлекет үчүн адал иштеп, ак кызмат кылган кеменгер инсандардын бири - Исхак Раззаков. Ал Кыргызстанды союз учурунда күчтүү республикага айлантуу үчүн эбегейсиз эмгек жумшап, улуттун улуу уулу боло алды.

Исхак Раззаков - 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Лейлек районунун Коросон кыштагында туулган.Раззаков Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп турганда жашаган үйү азыр музейге айланган. Ал жерде анын кийимдери, колдонгон буюмдары, документтери, үй-бүлөсү, саясий, маданий ишмерлер менен түшкөн сүрөттөрү жана эл алдына чыгып сүйлөгөн тексттери сакталган. Баш-аягы миңден ашык экспонат бар.