Кыргызстандын тышкы саясаты эгемендик жылдарынан бери көптөгөн оош-кыйыштарды башынан өткөргөнү менен, тышкы байланыштарды бекемдөөдө белгилүү бир натыйжаларга жетишкенин белгилөөгө болот.
Азыркы учурда өлкө 124 эл аралык уюмдун жана интеграциялык бирикмелердин мүчөсү жана катышуучусу. Ал эми былтыр октябрь айынан кийин тышкы саясатта ишке ашырылган чаралар мамлекет кабылган стратегиялык көйгөйлөрдүн көпчүлүгүн чечүүгө өбөлгө түзгөндүгүн президент белгиледи.