Нарын жана Көкө-Мерен дарыяларынан өтүүчү эстакадалык эки көпүрө Кыргызстандагы эң ири инвестиция сарпталган долбоор. Анын курулушу татаал инженердик өзгөчөлүккө ээ. Узуну 1 чакырымды, бийиктиги 40 метрди түзгөн объект чоң суунун агымына туруштук берүүгө ылайыкталган. Келечекте ага жакын жерде гидроэлектростанциялар курулат. Учурда акыркы монтаждоо иштери аяктап калды. Ноябрда эки көпүрө тең текшерүү үчүн ишке кирет.