Жаңылыктар
Аскердик-техникалык кызматташуу
Кыргызстан жаңылыктары
Аскердик-техникалык кызматташуу

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Рособоронэкспорт" ишканасынын жетекчиси Александр Михеев менен жолугушуп, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелери кеңири талкууланды. 

Тараптар Ми-17В-5 тик учагын сатып алуу, Ми-8 тик учактарын капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды оңдоо боюнча макулдашты. 

Жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары УКМКнын Чек ара кызматынын керектөөлөрү үчүн «Орлан-10Э» учкучсуз учуучу аппараттардын көп функционалдуу комплекстерин Кыргызстан тарабынан сатып алуу боюнча келишимге кол коюу болду. 

Аталган аскердик-техникалык буюмдар республикалык бюджеттин эсебинен алынат.