Жаңылыктар
Шайлоодо админресурс колдонууга жол берилбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоодо админресурс колдонууга жол берилбейт

Президент Садыр Жапаров шайлоо процессинде административдик ресурсту колдонууга жол бербөө боюнча тапшырмасынын алкагында 30-октябрда, Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Эргешов мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен селектордук жыйын өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматы угулду. 

Эргешов укук коргоо жана мамлекеттик органдардын шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар тууралуу арыздарына жана даттанууларына ыкчам чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Ал райондор акимдерине шайлоо процессине мамлекеттик органдардын кийлигишпөөсү боюнча калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.