Жаңылыктар
Борбор калаада корей элинин улуттук тамак-ашынын "Кимчи" фестивалы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада корей элинин улуттук тамак-ашынын "Кимчи" фестивалы өттү

Борбор калаада корей элинин улуттук тамак-ашынын "Кимчи" фестивалы өттү.

Капуста жана болгар калемпиринен өзгөчө жасалуучу тамактын бул түрү ден соолукка пайдалуу болгондуктан ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген. 

Фестиваль корея элинин маданиятын, улуттук тамак-аштарын таанытууга багытталган. Анда шаар тургундарына түркүн даамдар, суусундуктары тартууланды. 

Мындан тышкары кимчини жасоо ыкмалары көрсөтүлүп, чакан концерт коюлду. 

Белгилей кетсек, иш-чара шаардык мэриянын колдоосу менен Кореянын элчилиги тарабынан уюштурулду.