Президент Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Глазго шаарына иш сапары менен барып, БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.
Саммит аянтчасында Мамлекет башчысы чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.
Айта кетсек, БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 26-сессиясы 31-октябрдан 12-ноябрга чейин Глазгодогу Шотландиялык конгресс-борбордо өтөт. Иш-чараны Улуу Британия Италия менен биргеликте уюштурууда.
Тараптардын конференциясы Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын ишке ашуусуна обзор жана мониторинг жасоого, чечимдерди кабыл алууга жооптуу орган. Ал тараптар деп аталган, Алкактык конвенцияга кошулушкан 197 өлкө жана территорияны бириктирет.