Жаңылыктар
Президент «Алтын Балалык» комплексинин реконструкциялоо иштери менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент «Алтын Балалык» комплексинин реконструкциялоо иштери менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын Балалык" медициналык-реабилитациялык комплексине барды. 

Борбор өлкөнүн алыскы аймактарындагы ата-энесинен ажыраган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана энелердин ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого ылайыкталган. 

Октябрь айында балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафону өткөн. 

Анын жыйынтыгында 30 миллион 90 миң сом чогултулду жана комплекстин курулуш иштерин тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

Долбоорго ылайык, борбор 8 бөлүктөн: аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврологиялык бөлүмдөрдөн турат. 

Жакынкы аралыкта Адам репродукциясы илимий борборунун адистери консультациялык-диагностикалык бөлүмдө гинекологиялык оорулары бар аялдарды кабыл алып, кеңеш беришет. 

Мындан тышкары, беш бөлмө: УЗИ, манипуляциялык, дарылоо жана аялдарды кабыл алуу үчүн эки дарыгерлер бөлмөсү ишке киргизилет. 

Мамлекет башчысы курулуш иштерин тездетип, медициналык реабилитациялык комплексти 2022-жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүүнү жана пайдаланууга берүүнү тапшырды.